Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк дагы бир жолу интервенция жасады

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1613 | 0

Улуттук банк доллардын курсунун деңгээлин теңдөө үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу аталган мекеме сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, 50,2 миллион доллар сатылды, анын ичинен 14,2 миллион доллар келишим жасалган күнү, ал эми 36 миллион доллары башка күндөрдүн эсебинен сатылган.

2021-жылдын башынан бери Улуттук банк беш жолу интервенция жасап, валюта базарында 208,2 млн доллар сатты.

Январь айында 45,87 миллион доллар, февралда — 38 миллион доллар, мартта — 74,3 миллион доллар, апрелде — 50,2 миллион доллар жүгүртүүгө чыгарылган.

Учурда доллардын курсу 84,7993 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM