Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмгө кол салган ит изделип жатат

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1371 | 0

Бишкектин вицэ-мэри Айжан Чыныбаева борбор калаада өспүрүмгө иттин кол салганы боюнча кеңешме өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, иттин ээси табыла элек.

«Аталган окуяга күбө болгондор балага кол салган иттин ээси боюнча маалымат бөлүшүүнү суранабыз. «102» кызматына, 0500 43 28 15 жана 0312 37-01-73 номерлерине кайрылсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия иттердин ээлерине кутурмага каршы эмдөө жүргүзүп, коомдук жайларда итке тумшуккап кийгизүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 1-апрелде шаардагы балдар ооруканасынын травматология бөлүмүнө ит тиштеп алган 12 жаштагы бала жаткырылган. Окуя Абдрахманов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Свердлов райондук милициясы тарабынан аталган факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде иш козголгон.

Бүгүнкү күндө иттин ээсин издөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM