Дамира Кебекова «Кыргыз алтын» Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү жана башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фонддук биржасынын сайтына жарыяланды.
Дайындоо жөнүндө чечим директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.
Кебекова 2006-жылы «Сайма Телекомдун» каржы иштери боюнча директору болгон.