Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядан 215 млн сомго вакцина сатып алат

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1552 | 0

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын сатып алууга Каржы министрлиги 215 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «24.кж» маалымат агенттигине билдирген.

Министрдин айтымында, учурда Орусия тарап менен вакцинанын баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Орточо баасы бир доза үчүн 8-10 доллардын тегерегинде болот. Бул боюнча бүгүн Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшөм», — деп кошумчалаган министр Бейшеналиев.

Ал эми Орусия убада кылган 500 миң доза вакцина май-июнь айларында келери айтылган. Накталай сатып алына турган вакциналар дароо келет деп белгилеген.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Кытайдан келген «SinoFarm» вакцинасы колдонулууда. 150 миң дозада гуманитардык жардам катары келген вакцина менен 75 миң адамдын эмделүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM