Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 139 адамдан аныкталып, 1 бейтап каза болду

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1425 | 0

Кыргызстанда 5-апрелге карата 139 адамдын COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 107 бейтап айыкты.

Акыркы суткага карата Бишкек шаарында 1 бейтап коронавирустан каза тапты.

Учурда 648 бейтап стационарларда, 774 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери вирус жуктургандардын саны 89 миң 14кө жетти. Алардын ичинен 85 миң 271 бейтап сакайып, 1507 бейтап көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM