Биз менен байланышыңыз

Жапаров Баткенде электр мамычасынын пайдубалына капсула салды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1594 | 0

«CASA-1000» долбоору бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде президенти Садыр Жапаров Баткен облусунун Кара-Булак айылында «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр мамычасынын пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

«Долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Ушуга байланыштуу мен бардык мамлекеттик органдарды «CASA-1000» долбоорунун маанисине көңүл бурууга чакырам жана курулуш учурундагы көйгөйлүү маселерди өз убагында чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү суранам», — деп билдирди ал.

Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычылыгын билдирди.

Жапаров Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоору алкагында электр өткөрүүчү жогорку вольттуу мамычанын пайдубалына капсула салды жана бул долбоор Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн узак жылдар бою кызмат кыла берүүсүн каалады.

Президент ошондой эле аталган долбоорго ак батасын берген жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты. Жергиликтүү эле долбоор ишке ашып, бүткүл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошсо деген тилектерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM