Биз менен байланышыңыз

Казакстан Бишкекте улуттук университетинин филиалын ачууга даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1435 | 0

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында казак тарап Бишкек шаарында «Аль-Фараби» атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга даярдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Казакстандын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган кыргыз абитуриенттери үчүн квоталарды 50 орунга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Андан тышкары биргелешип өнүктүрүү алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Хоргос» Эл аралык чектеш кызматташтык борборунун кызматташуусу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, ошондой эле I Аймактар аралык форумун өткөрүү макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM