Республикалык штаб маалымдагандай, акыркы сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда COVID-19 илдетинен 98 бейтап сакайып чыкты.
Бир сутка ичинде 142 адам илдетке чалдыкты
- Бишкек — 90
- Чүй облусу – 44
- Ысык-Көл облусу – 7
- Баткен облусу — 1
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2 бейтап каза тапты.
Республика боюнча жалпы 88 842 адам илдетке чалдыккан. Анын ичинен 85 миң 77 бейтап сакайып, 1502 адам көз жумду.