Биз менен байланышыңыз

Дубай туристтик багыттардын рейтингинде лидер болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1147 | 0

Дубай быйыл туристтик багыттардын рейтингинде лидер болду. Бул тууралуу «Wego Travel» порталы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат.

Рейтингде Нью-Йорк экинчи, Стамбул үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле Канкун, Бангкок, Лондон, Париж, Лиссабон, Мале жана Барселона алдыңкы ондукка кирди.

«Wego Travel» компаниясынын аткаруучу директору Росс Вейч: «Пандемияга байланыштуу карантиндик чектөөлөргө карабастан, туристтердин саякатка болгон кызыгуусу азайган жок», — деп билдирди.

Дубай экологиясы жана пляждары менен көптөгөн туристтерди өзүнө тартып турат.

Вейч келечекте санариптик саламаттык паспорттору эл аралык туризмге жеңилдик катары көрүнөрүн белгиледи.

БАЭде коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча бир топ иштер, калкка эмдөө жүргүзүлүп жатат. Учурда өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгү эмдөөдөн өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM