Биз менен байланышыңыз

«Заара таштар оорусу боюнча Баткен облусу I орунда турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2021 | 1699 | 0

Заара таштар оорусу боюнча Баткен облусу биринчи орунда турат. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн урологу Чыңгыз Иманалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда суулардын курамы өзгөчөлөнүп турат. Жарандар көбүнчө крандан аккан сууну ичишет. Бул заара таштар оорусуна алып келет. Суунун минералдарга бай болушу, организмде зат алмашуу процессинин начарлашы да бөйрөктө таштардын пайда болушуна жол ачат. Ашказан, ичегилер туура эмес иштеп, туздун көбөйүшүнөн улам бөйрөктө көлөмү 2 миллиметрден 8 сантиметрге чейин жеткен таштар пайда болот.

Заара таштар илдети аялдардарда 10%, эркектердин арасында 25% кезигет. Бейтаптардын 50%ында илдет кайра козголушу ыктымал. Оору жаш ылгабайт, кичинекей балдарда да кездешүүсү мүмкүн.

Оорунун белгилери — заара чыкпай, бейтаптын дене табы көтөрүлүп, бөйрөк сайгылашып, чыдатпай ооруйт. Мындайда өз адынча дарыланып, ооруну басаңдатуучу дарыларды ичпей, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Зааранын өңү өзгөрүп, кан аралашуусу мүмкүн.

Урологиялык оорулардын 95%ына операциялар эндоскопиялык жол менен жасалат.

Бөйрөк оорусуна чалдыкпоо үчүн сууктан коргонуу зарыл, туура эмес тамактануудан, алкоголдук ичимдиктерден алыс болуу кажет. Тез татымдар, жасалма азыктар, боёктор бөйрөккө терс таасирин тийгизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM