Connect with us

«Сыйлык берүүнү иретке келтирүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1372 | 0

Сыйлыктарды берүүгө анализ жасоонун мезгили келди. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сыйлык тапшырууда бюрократия күч. Президенттик аппаратта жылдап жаткан документтер бар. Айрымдар сыйлык үмүт кылып жүрүп, көзү өтүп кетүүдө.

Сыйлык берүүдө адилетсиздик орун алып келет. Маселен, кимдир бирөө кыска мөөнөттө иштеп ээ болсо, башкалар 20-30 жылдап иштесе да, ала албай келет. Бул жарандардын нааразычылыгына себеп болууда. Өзгөчө маданият, билим берүү тармагында нааразычылык көп.

Коомдук уюмдар, ЖМК өкүлдөрү түрдүү аталыштагы сыйлыктарды уюштуруп, сыйлыктын кадырын кетирип, бизнеске айлантып жиберишти. Өкмөт муну жөнгө салышы зарыл.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM