Биз менен байланышыңыз

Президент авиакаттамдарды, билет баасын көзөмөлгө алат

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1306 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан-Орусия авиакаттамдарынын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын өзүнүн «Instagram» баракчасына жазды.

Өлкө башчынын айтымында, маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок ал бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап келе жатат.

Садыр Жапаров Орусияга барып иштөөгө жол таба албай жаткан жарандар үчүн бул маселе канчалык маанилүү экенин билип турганын белгилеген.

«Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалууда. Турак жайы жок жарандарыбызды үй менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз», — деди Жапаров.

Ал ошондой эле аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандантуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, бирок бул маселе Казакстан менен Орусиядан да көз каранды экенин кошумчалады.

«Казакстандын Өкмөтү транзитти жандантууга бүгүн макулдугун берди. Эми Орусиянын жообун күтөбүз. «Кыргызстандан Орусияга аба каттамдарын көбөйтүүгө кыргыз бийлиги каршы болуп жатат» деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле! Тескерисинче, көптөн бери Орусиядан «чартердик рейстерди көбөйтөлү» деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес», — деди президент.

Ошондой эле Жапаров жаралган көйгөйлөр коронавируска да байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM