Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан өтүү убарасы азайды

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз -казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол — автожол» жана «Кордай — автожол» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин ачылышы болду. 

Кыргызстандагы эң чоң көзөмөл-өткөрүү жайы «Ак-Жол» бекети капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей унаа өтө алат. Бекет былтыр март айында курулуп баштаган, быйыл апрелде колдонууга берилди. Жаңылоо иштерине 342 миллион 335 миң сом жумшалды.

Иш-чаранын ачылышында өкмөт башчы Улукбек Марипов сөз сүйлөп, «Ак-Жол» өткөрүү пункту ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келе тургандай жасалганын айтты.

— Биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында «Чоң-Капка», «Чалдыбар», «Ак-Тилек» бекеттеринде, «Бишкек-1», «Аламүдүн», «Кара-Балта», «Кара-Суу», «Маймак» темир жол станцияларында, «Манас» жана «Ош» аба майдандарында товарларды эсепке алуу пункттары ачылды. Бекеттин туристтик тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн айта кетсем, бул багыттагы инвестициянын көлөмү 30 млрд сомго чейин жетет. Дээрлик 8,5 млн адам чек арадан өтөт. Анын ичинде туристтердин саны 2 млн адамды түзөт. Албетте, алардын көпчүлүгү — Ысык-Көлгө эс алууга келген казакстандык жарандар.

Бүгүн коңшу өлкө Казакстанда «Кордай — автожол» көзөмөл-өткөрүү бекети да оңдолуп, колдонууга берилди. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бекеттердин жаңылануусу эки өлкөнүн экономикалык алакасын жакшыртарын белгиледи.

Учурда коронавирус пандемиясынан улам Казакстанда бир топ чектөөлөр бар, ошого байланыштуу чек араны ачуу маселеси чечиле элек.

Жүк ташуучу унаалардын өтүүсү үчүн жолдор кеңейтилди, көпүрөнүн сыйымдуулугу да жогорулатылды.

Бул көзөмөл-өткөрүү жайынын мүмкүнчүлүгү бир күндө 10 миң кишиге чейин өткөрүүгө ылайыкталган, бирок жайкы мезгилдерде 25-30 миңге чейин өтүп, тыгын пайда болуп келген. Эми капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин документ текшерүү кабиналарынын саны көбөйдү.

Ошондой эле унаалар үчүн жол тилкелери 8ге жеткирилип, паспорт көзөмөлдөө терезелери 18 кабинадан 52ге чейин көбөйтүлдү. Мындан тышкары, айдоочулар имараттын ичине кирбей эле көзөмөлдөн өтүп турушу үчүн кабиналар сыртына да ачылды.

Казакстан тарап буга чейин автотранспорттун жана адамдардын өтүүсүн дыкат текшерип, ал бир топ убакытты алып келген.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевдин айтымында, кезек болгону үчүн казак тарап гана күнөөлүү эмес. Учурда биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрүп, ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет көрүлүп жатат.

Уларбек Шаршеев

Бүгүн ошондой эле кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны өтүп, анын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин тар чөйрөдө сүйлөшүштү.

Анда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашууларды, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM