Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчынын орун басары Ирактан келген балдардан кабар алды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1258 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана аппарат кызматкерлери Ирактан Кыргызстанга кайтарылып келген балдардан кабар алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институнун басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралганы маалым болду. Учурда психологдор жана медициналык кызматкерлер аларды кадимки жашоого кайтаруу үчүн иштеп жатышат. Мекеме бардык тиешелүү стандарттарга жооп берет жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн видео көзөмөл камералары орнотулган.

Мындан сырткары ЮНИСЕФ, Кызыл Жарым Ай фонду сыяктуу ар кандай эл аралык жана гуманитардык уюмдар, ошондой эле бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга кайтып келген балдардын жашоо-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүшүүдө. Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги компетенттүү органдар менен биргеликте балдарды туугандарына өткөрүп берүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүп жатат.

Эске салсак, «Мээрим» гуманитардык акциянын алкагында 79 бала Ирактан алынып келинген. Анын — 38и эркек балдар, 41и — эки жаштан он сегиз жашка чейинки кыздар болгон. Алардын 90 пайызы (63 бала) аз кандуулуктан жабыркайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM