Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети ачылды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1123 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү бекети иштеп баштады. Бул тууралуу «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ачылышында премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Ал бекеттер туристтер үчүн ачылып жатканын белгиледи.

«Туристтик тармакта инвестициянын көлөмү 30 млрд сомго чейин жетет. Дээрлик 8,5 млн адам чек арадан өтөт. Анын ичинде туристтердин саны 2 млн адамды түзөт. Албетте, алардын көпчүлүгү — Ысык-Көлгө эс алууга келген казакстандык жарандар», — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы бүгүнкү күндө боордош өлкө менен туризм жаатындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM