Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик каттоо кызматынын мобилдик тиркемеси жакын арада ишке кирет

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1128 | 0

Президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн Өкмөткө 2021-жылдын 1-майына чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүү сунушталды. Аталган чаралар мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө жана аларды Мамлекеттик электрондук тейлөө порталына жайгаштырууга багытталган.

Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматы санариптик-электрондук документтерди ишке киргизүү боюнча иш алып барууда жана жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландаштырылууда. Аталган тиркемеде 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорттук каражаттарды каттоо тууралуу электрондук күбөлүк сыяктуу үч негизги документтин электрондук версиялары болот.

Мобилдик тиркемени ишке киргизүү үчүн укуктук негизди иштеп чыгуу максатында Өкмөттүн «Санариптик документтердин реестри жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккан жана макулдашууда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM