Connect with us

УКМК: «Кадастр» ишканасы казынага 2,4 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1195 | 0

УКМК үстүбүздөгү жылдын 10-февралында «Кадастр» ишканасынын Сокулук райондук бөлүмүнүн директору Алайбек Тентимишевди жана аталган мекеменин жетектөөчү адисин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармаган.

Кылмышка шектүүлөр «Жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө» мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдап, жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине беришкен.  Бул кылмыштык иштин кесепетинен өлкө казынасы 2,4 млн сом зыян тарткан.

2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин карамагына кайтарып берди.

УКМК аталган жарандарды мындан башка да 11 кылмыш иши боюнча тергеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM