Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак өкмөт башчылары «Ак-Жол» өткөрүү пунктун ачып берди (видео)

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1582 | 0

Бүгүн кыргыз-казак чек арасында «Ак-Жол» өткөрүү пунктунун реконструкциядан кийинки ачылуу аземи өтүүдө. Ага Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышууда. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Бахар Хакимова билдирди.

Иш-чаранын ачылышында өкмөт башчы Улукбек Марипов сөз сүйлөп, «Ак-Жол» өткөрүү пункту толук модернизацияланганын айтты. «Биз чек ара жана бажы өткөрмө пункттарын жаңылоодо ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келе тургандай иштерди жасадык. Чүй жана Талас облусундагы өткөрмө пункттарда калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, бир топ иштер автоматташтырылды жана бирдиктүү пост системасы ишке кирди», — деди ал өз сөзүндө.

Ал эми Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин өткөрүү пунктунун өзгөрүүсү эки өлкөнүн экономикалык алакасын жакшыртарын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан тараптан «Ак-Жол», Казакстан тараптан «Кордай» өткөрүү пунктунда буга чейин паспорттук көзөмөл боюнча 18 бирдиктүү терезе иштесе, мындан ары 52 бирдиктүү терезе иштей турганын кошумчалап өттү.

Казакстандын Кордай шаарында өткөрүү пункту ачылгандан кийин кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңеши өтөт.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайындагы реконструкциялоо иштери өткөн жылы башталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM