Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасы: «Ак-Жол» өткөрүү пункту ачылды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1437 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин ачылыш аземи өтүүдө. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары Улукбек Марипов жана Аскар Мамин катышууда. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Бахар Хакимова билдирди.

Эки өлкөнүн делегациясы реконструкциядан өткөн өткөрмө бекеттердин иши менен таанышып чыкты. Чек ара кызматынын жетекчичи Уларбек Шаршеев билдиргендей, өткөрмө бекет былтыр март айында капиталдык ремонт үчүн жабылган. Оңдоо иштерине 305 млн сом жумшалган.

Реконструкциялоонун жыйынтыгында, «Ак-Жол» бекети буга чейин күнүнө 10 миң жүргүнчү жана 1500 унааны өткөрүп келсе, мындан ары күнүнө 35 миң калкты жана 5000 унааны тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошондой эле унаалар үчүн жол тилкелери 8ге жеткирилип, паспорт көзөмөлдөө терезелери 18 кабинадан 52ге чейин көбөйтүлдү. Мындан тышкары, айдоочулар имараттын ичине кирбей эле көзөмөлдөн өтүп турушу үчүн кабиналар сыртынан ачылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM