Биз менен байланышыңыз

162 адам COVID-19га чалдыккан, каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1132 | 0

Кыргызстанда 2-апрелге карата 162 адамдын COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 82 бейтап айыкты.

Акыркы суткага карата коронавирустан каза тапкандар катталган жок.

Учурда 564 бейтап стационарларда, 704 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери вирус жуктургандардын саны 88 миң 700гө жетти. Алардын ичинен 84 миң 979 бейтап сакайып, 1500 бейтап көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM