Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга 63 млн сомдук жардам жөнөттү

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1172 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген кезектеги гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, колкап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, медициналык коргоочу көз айнектер, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат, ПЧР-аппараты болгон. Жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомдон ашат.

Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын Өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө ишенерин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM