Connect with us

«Электр энергиясын үнөмдөө саясатын жүргүзүү керек»

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1202 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү жыйынтыгы жана келерки жылдагы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Марипов «Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү аз экенин айтып, электр энергиясын үнөмдөө саясатын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди белгилеп, аларды оңдоо менен катар келерки күз-кыш жылытуу мезгилине алдын ала даярдыктарды көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында, башкы милдеттердин бири – «Токтогул» суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экенин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл», — деди Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, электр энергиясындагы жоготуулардын деңгээлин, ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары тарабынан пайдаланылган дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл. Белгилесек, 2020-жылдын соңуна карай бир да бөлүштүрүү компаниясы Өкмөттүн дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча тапшырмасын аткарган эмес. Мындан тышкары бардык мамлекеттик органдар энергияны пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу иштерин жүргүзүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM