Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСи тобокелге кептелди

Коом , Экономика | 1 Апр 2021 | 1367 | 0

«Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү азайып, кооптуу чекке жетти. Мындай кете берсе, бардык станциялардын иши токтойт. 

«Токтогул» суу сактагычында былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл суунун көлөмү 3 млрд куб метрге аз болууда. Мисалы, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 8,7 млн куб метрди түзөт. Суунун агып кириши секундасына 174 куб метр, чыгышы 313 куб метр болууда.

Былтыр ушул мезгилде суу сактагычта 11 млрд 648 млн куб метр суу болгон.

«Электр станциялары» ишканасынын гидротехникалык кызматынын башчысынын орун басары Жолдошбек Байызбеков «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү дагы канчага чейин төмөндөшү күтүлүп жатканын айтып берди.

— Бул сөзсүз түрдө климаттан көз каранды. Мисалы, азыр кар жаап жатпайбы. Суу азайгандыктан электр энергиясын керектөө да өсүп кетти. Мисалы, бир суткада электр энергиясын колдонуунун көлөмү 54 млн куб метрге жетти. Былтыр бул маалда 36 млн куб метрдин тегерегинде болчу. Башкача айтканда, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу зарыл.

Күн жылып кетсе, суунун агып чыгышы менен кириши теңелсе, ошол күндөн тарта көбөйүп баштайт. Биздин божомолубуз боюнча, азыр суунун көлөмү 8,6 млрд куб метрге чейин төмөндөшү мүмкүн. 

Суунун деңгээли аз болсо, электр тогунун кубаттуулугу төмөндөйт. Мисалы, «Токтогул» ГЭСи 1200 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыгарууга ылайыкталган. Эгер суунун көлөмү 6,5 млрд куб метрге чейин азайса, элдин пайдалануусуна эсептелген электр энергиясын иштеп чыга албай калат. Жалпак тил менен айтканда, жарык өчүү башталат.

Кыргызстанда электр тогун маал-маалы менен өчүрүүлөр 2004-жылдары болгон. Кийин 2008-жылдары да бир күндө 6 сааттан жарык өчүп турган.

«Электр станциялары» ишканасы учурда суроо-талап канча болсо, ошончо деңгээлде электр энергиясы өндүрүлүп жатканын кабарлайт.

«Токтогул» суу сактагычы 19,5 млрд куб метр сууну батыра алат, эң төмөнкү чек 5,5 млрд куб метрди түзөт.

Суу сактагычта акыркы жолу 2017-жылы суунун көбөйгөнү байкалган. Ага чейин 2010-2011-2013-жылдары да жетиштүү деңгээлде топтолгон.

Суунун азайышына таасир эткен факторлор:

-калктын ички керектөөсүнүн жогорулашы;

-суу сактагычка агып келген суунун азайышы.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев мындай абал бир жылда эле эмес, акыркы 4-5 жылда түзүлгөнүн айтат. Негизи суунун агып кириши жылына 12 млрд куб метрди түзсө, керектөө 14 млрд куб метрге чейин барат. Буга байланыштуу жылына суу 2 миллиардга чейин азаят.

Суунун деңгээлин кармап калуу үчүн көрүлгөн чаралар

Министрдин айтымында, Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясы алып келине баштады. Бишкектеги ЖЭБдин кубаттуулугун жогорулатып, кошумча электр энергия иштеп чыгуу керек.

Мындан тышкары ички керектөөнү азайтып, суу сактагычка суунун агып кириши менен чыгышын теңдөө зарыл.

— Биз Казакстандын энергетиктери менен сүйлөшүп, протоколго кол койдук. 1-марттан баштап бул өлкөдөн электр энергиясын алып жатабыз, суткасына 5 млн кВт саат кирип жатат. Өзбекстан менен да так ушундай сүйлөшүү жүргүздүк, 11-марттан баштап күнүнө 14-16 млн кВт саатка чейин электр кубаты кирүүдө. Биз быйыл Казакстан менен Өзбекстандан 1 млрд куб метр электр энергиясын алып келишибиз керек.

Мындан тышкары Бишкек жылуулук электр борборунун режимин өзгөртүп, кошумча 1 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгарышыбыз керек. Азыр режим өзгөртүлдү, быйыл 2,5 млрд кВт саат электр кубатын өндүрүшүбүз керек.

Дагы бир кадам — ички керектөөнү 1 млрд кВт саатка чейин азайтышыбыз керек.

Мына ушул үч кадамды аткарсак, 3 млрд куб метр сууну сактап кала алабыз. Эгер эч кандай чара колдонбой, ушул темп менен кете берсек, келе жаткан күз-кыш мезгилинде 2022-жылы 1-апрелге карата «Токтогул» суу сактагычында суунун көлөмү 5 млрд куб метрге түшүп кетет да, бардык станциялар токтоп калат.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев Нарын дарыясынын агымы орто эсеп менен 11 млрд куб метр болушу керектигин айтат. Акыркы 7-8 жылда келген суунун агымы азайды. Эксперт суунун көлөмү азайса, кандай кооптонуу болорун айтып берди.

— Азыр суу сактагычта 8,8 млрд куб метр суу бар деп жатат. Жаз чыкканы менен күн жылыганча дагы канча электр энергиясы колдонулары белгисиз. Жай мезгилинде суу сактагычка эң көп дегенде 5 млрд куб метр суу кошулат. Ошондо биз келерки кышка 13 млрд куб метр суу менен чыгабыз. Мындай болсо кышында 7-8 млрд куб метр сууну иштетебиз. «Токтогулдун» мүмкүнчүлүгү 7 млрд куб метрден ылдый болгон суу менен иштегенде азаят. Башкача айтканда, агрегат иштеши үчүн суу жогору жактан басым менен түшүшү керек. «Токтогулда» суу 140 метр бийиктиктен түшөт. Ошол басым азайганда, кавитациялык процесс көбөйүп, жабдыктардын тез иштен чыгышына алып келет. Мындан тышкары термелүү көбөйүп, башка нерселердин иштешине да таасир этет. 

Кыргызстан марттан бери Казакстандан импорттолгон энергияны жагып жатат. Президент Садыр Жапаров жалпы энергетикадагы кризистик кырдаалдан чыгуу тапшырмасын берген. Энергетиктер бул тармактагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү керектигин эскертишет.

Copyright © 2017 Maral FM