Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч сейил бак ачылып, 15 миң чырак орнотулат

Коом , Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1908 | 0

Борбор калааны жарыктандыруу, жашылдандыруу жана жолдорду куруу сыяктуу маселелер шаардыктарды дайым ойлондуруп келет. Буга байланыштуу шаардык мэриянын өкүлдөрү бүгүнкү маалымат жыйында быйылкы жылы шаарды өркүндөтүүгө кандай иштер жасала турганын айтышып, суроолорго жооп беришти. 

Быйыл Бишкек шаарында 15 миңден ашуун чырак орнотулат. Бул тууралуу «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 2019-жылдын сентябрь айына чейин 33 миң чырак орнотулган. Ал эми былтыр пандемияга карабастан 13 миңге жакын чырак коюлду. Мындан тышкары Абдылдаев «Бишкек жарык» ишканасынын алдында бетон мамы чыгарган муниципалдык цех ачылып, мунун аркасында чырактарды орнотуу иши бир топ жеңилдегенин белгиледи. Ошондой эле ишкананын жетекчиси өндүрүштүк программага ылайык, жалпы суммасы 50 миллион 200 миң сомду түзгөн бир нече иш аткарылганын айтып берди.

«Быйыл бир нече иш аткарылды: узундугу 9,53 км болгон изоляцияланган зым тартылды; шаардын 31 көчөсүнө 713 даана светодиоддук чырак, 15 калктуу конушка 279 даана чырак, жалпысынан 992 даана светодиоддук чырак орнотулду; 39 чырак алмаштырылды. Ошондой эле «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы «Физкультурный» паркына светодиоддук чырак орнотуунун үстүндө иштеп жатат. Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү эс алуу жайында тышкы жарык тармагын куруу иштери жүрүп жатат», — деди Абдылдаев.

Жакында Бишкекте 3 жаңы сейил бак ачылат. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын жетекчиси Урмат Дербишев билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калааны жашылдандыруу боюнча бир топ иштер жүрүүдө. Ошондой эле Дербишев быйылкы жылдын башынан бери «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаар аймактарында жана эс алуу жайларда жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактын 6 миң 483 көчөтү жана 3 миң 926 даана бадалдын көчөтү отургузулганын белгиледи.

«Биздин ишкана быйыл Жумушчулар шаарчасы, Тунгуч кичи районуна жана Ак-Босого конушуна 3 жашыл аймак түзүүнү пландап жатат. Мындан тышкары 2021-жылы шаарга 10 миңге жакын жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактын көчөтүн, 3 миң 600дөн ашуун бадал, 150 миң хедж отургузуу пландаштырылууда. Ошону менен бирге биздин кызматкерлер жалпы аянты 59 гектар жашыл майсаңды (газон) калыбына келтирип, 9 миң 373 бакты бутоо, дарылоо иштерин жүргүзүп жатат», — деди Дербишев.

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Конокбай Миназаров шаардыктарды жолдогу люктарды уурдабоого чакырды. Айтымында, люктар бир аз убакыт өткөндөн кийин кайрадан орнотулуп жатат. Мындан тышкары жалпы узундугу 4,8 чакырымды түзгөн шаардын 7 көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоо иштери башталганын кошумчалады.

«Жыл башынан бери 188 люк орноттук. Тилекке каршы, көптөгөн көчөлөргө люктар менен тосмолорду кайрадан орнотуп жатабыз. Урматтуу жарандар, люктарды уурдабагыла, анткени бул өтө кооптуу жана шаардык бюджетке зыян келтирет. Шаардын конуштарында жол тегиздөө иштери активдүү жүрүп жатат. Учурда Ак-Босого конушундагы 176-маршруттук такси каттаган жолду оңдоо иштери буга чейин жүргүзүлүп келген. Иштин жалпы көлөмү 660 чарчы метрди түздү», — деди Миназаров.

Эскерте кетсек, 15-марттан баштап Бишкек шаарында эки жылга эсептелген «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жолдун 14 тилкесинде оңдоо иштери башталды. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM