Биз менен байланышыңыз

АКШ: Кыргыз бийлигинин адам укуктарын коргоо аракеттери солгундады

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1139 | 0

АКШ Мамлекеттик департаменти 2020-жыл үчүн Кыргызстандагы Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Бул жылы баяндамада Кыргыз Өкмөтүнүн адам укуктарын коргоодогу аракеттеринин солгундоосу баса белгиленди.

Баяндамадагы тынчсыздануунун олуттуу багыттарына төмөнкүлөр кирет:

  • БУУнун бошотуу талабына карабастан, белгилүү саясий туткун Азимжан Аскаровдун өлүмү;
  • Кыргыз Республикасынын өлкөдөн чыгарып бербөө милдеттенмелерине карабастан, өзбек журналистинин экстрадицияланышы;
  • Чектен чыккан улутчул топтордун жарандык коомго жазыксыз кол салуулары;
  • Коопсуздук кызматтары тарабынан жарандык коомду жана маалымат каражаттарын кысымга алуу;
  • Коопсуздук кызматтары тарабынан кыйноолордун колдонулгандыгы үчүн жоопкерчиликтин жоктугу.

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанды «Адам укуктары жөнүндө» отчетунда баяндалган окуяларды иликтөөгө жана ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырып өткөн.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жаңы өкмөт терс тенденцияны жоюу үчүн чара көрөт деп үмүттөнөөрүн билдирген: «Кыргызстан эмне себептен Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө катары белгилүү болгонун көрсөтө турган мезгил келди. Биз: «Жапаров жетектеген жаңы бийлик адам укуктарын коргоодо жана адам укуктарын тебелегендерди жоопкерчиликке тартууда күч-аракеттерин эки эсе көбөйтүү үчүн жарандык коомду, укук коргоо органдарын, адам укугун коргоочу уюмдарды жана сот тутумун бириктирет» деп үмүттөнөбүз». 

АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адам укуктарынын абалы жөнүндө» баяндамалары адам укуктарынын жана жумушчулардын укуктарынын статусун 200гө жакын өлкөдө жана аймакта каттайт. Баяндамалар АКШнын мыйзамдары менен талап кылынат жана ар кандай мекемелер, АКШ Конгресси, аткаруу бийлиги жана сот бутактары бул баяндамаларды көмөк көрсөтүүдөн баштап башпаанек берүү маселесине чейин чечим чыгарууда фактылык ресурс катары колдонот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM