Connect with us

Өзбекстан: Президентти шылдыңдоого жана жалаа жабууга тыюу салынды

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1683 | 0

Өзбекстанда президентти интернет айдыңында шылдыңдаган же жалаа жапкандарга жаза бериле турган болду. Тактап айтканда 3 жылга чейинки түзөтүү иштерине тартылат же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлиги маалымдап, аталган норма Кылмыш кодексине камтылганын жарыялады.

Кечээ, 30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча жарлыкка кол койгон. Анын ичинде Кылмыш кодексине да оңдоп-түзөтүүлөр камтылганы айтылат.

Мындан сырткары жаңы нормага ылайык, элди башаламандыкка чакыруу, коомду козутуу сөздөрү үчүн дагы жазалар каралган. Анда акчалай айып пул жана 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM