Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан орусиялык компания менен биргеликте ЖЭБ курат

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 922 | 0

Орусиялык «ЗиО» компаниялар тобу Кыргызстанда ЖЭБдерди толугу менен куруп берүү боюнча техникалык сунуштамаларды даярдоо иштерине катышат. Бул тууралуу Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттиги билдирди.

Мындай келишим Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында макулдашылган. Тактап айтканда, 29-мартта Москвада Шыкмаматов «ЗиО» компаниялар тобу, «АБЭнерго» холдингинин жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Ошондой эле Подольск машина куруу заводу жана Каширск отказан жана металлоконсрукциялык заводунун иштерин менен да таанышкан.

Шыкмаматов «ЗиО» КТ менен инвестициялык кызматташтык боюнча сүйлөшүп, аларды Кыргызстандагы көмүр кендеринде ЖЭС (жылуулук электр станциялары) куруу жана азыркы ЖЭБдерди модернизациялоо иштерине активдүү катышууга чакырган.

Жолугушуунун жыйынтыгында жылуулук тармагы, айыл чарба жана жибек өндүрүү боюнча кызматташтыкка кол коюлуп, логистикалык борборлорду куруу макулдашылган. Мындан сырткары Подольск машина куруу заводу менен агенттиктин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Кошумча маалымат үчүн:

«ЗиО» КТ жогорку даражадагы жылуулук электр энергиясын өндүрүү, энергия алмашуу тетиктери, газонефтехимиялык өндүрүштү камсыздоо жаатында Орусияда жана чет өлкөлөрдө ишмердүүлүк жүргүзөт. Аталган компаниялар тобунун курамына Подольск машина куруу заводу, Каширск отказан жана металлоконсрукциялык заводу, «ОйлГазМаш» илимий-өндүрүштүк комплекси,«Эннова» долбоорлоо институту, «ЗиО-Котэс» бөлүмү, Красноярск отказан заводу жана «Атоммашкомплекс» ишканасы кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM