Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстанга пандемия менен күрөшүүгө 44 млн евро жардам берген

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 923 | 0

Евробиримдик Кыргызстанга 2020-жылы «Team Europe» пакетинин алкагында COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө 44 млн евро жардам берди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын 17-жыйыны өткөн. Анда кыргыз тарап Евробиримдикке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, Кыргызстанга жакында COVAX механизминин алкагында акысыз вакцина келери күтүлүүдө. Аталган механизмдин негизги демөөрчүсү жана уюштуруучуларынын сап башында да Евробиримдик турары белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM