Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: 1-3-апрель аралыгында үшүк жүрөт

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 963 | 0

31-март жана 1-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 30-мартта жана 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде      -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Жаап өткөн  жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM