Биз менен байланышыңыз

Марипов жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 911 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү.

Жыйында Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков медициналык мекемелердин даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында эпидемиялык абал курчуганын эскертип, жарандарды өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү болууга, беткап тагынуу жана социалдык обочолонуу сыяктуу элементардык санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактоого чакырды. Ошондой эле тармактык мамлекеттик органдарга Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды ташуу ишин улантуусу тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүлөр белгилүү болду:

— дары-дармек каражаттарынын запастарын каттоо жүргүзүлүп, аймактардагы медициналык адистердин саны такталды;

— бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан дары-дармек каражаттары чыгарылып, өлкө аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди;

— медициналык мекемелерде 1,5-2 айга жетиштүү медикаменттердин запасы бар;

— бардык дарыкана пункттары дары-дармектердин тийиштүү запасы менен камсыздалган;

— өлкөнүн бардык фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тармакты реформалоо жана дары-дармектердин бааларын бир калыпта кармоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды;

— ушул жуманын соңуна дейре коронавирус инфекциясынын жайылуу динамикасын эске алуу менен график уюштурулат жана ал график боюнча фармацевтикалык компаниялар ай сайын дармектерди өз кампаларына жана дарыкана тармактарына жеткиришет;

— республиканын бардык саламаттыкты сактоо мекемелери кычкылтек концентраторлору менен камсыздалган;

— 32 мекемеде стационардык кычкылтек станциялары орнотулган,12 объектиде аларды орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталууда;

— өлкөдө коронавирус инфекциясынан эмдөө башталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM