Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1242 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Фонддун мурунку башчысы Жылдызбек Исакулов 2021-жылы февралда кызматтан кеткен. Аталган мекеменин башчысынын милдетин убактылуу төраганын орун басары Ишенбек Медетов аткарып турган.

Мирлан Бакиров 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул VI чакырылышта вице-спикер кызматын аркалаган. 2020-жылы 23-декабрда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Ал 2020-жылдын октябрь айында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM