Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1692 | 0

Бүгүн, 30-мартта Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул маалыматты Башкы прокуратурадан ырасташты.

Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми аталган кызматтан ушул жылдын 5-мартында кеткен. Ошол эле күнү аталган кызмат да жоюлган. Жапыкеевге кызматтагы жетишкендиктери үчүн генерал-полковник аскердик чини да ыйгарылган.

Жапыкеев коомчулукта өзүнүн социалдык тармактагы «Кухня» деп аталган түз эфирлери менен белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM