Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» Дашковдун отставкага кетерин төгүндөдү

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 959 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков отставкага кетет, -деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы «Маралга» билдирди.

Маалымат катчынын айтымында, башкы директор Василий Дашковдун отставкага кетери боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Ал учурда пландалган иш-чаралардын негизинде өз кызматын аткарып жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков отставкага кетерин жазып чыгышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM