Биз менен байланышыңыз

Ташиев Чечме айылынын тургундары менен жолугушту

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1077 | 0

Бүгүн, 30-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Бирлик айылынын эли менен жолугушуп, Өзбекстанда өткөн мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Сох анклавында талаштуу маселе жок. Ал жактан жөө жүргөн адамдарга, жеңил унааларга жана кичи автобустарга гана өткөнгө уруксат берилди.

«Өзбек тарап сүйлөшүүлөрдүн негизинде Сох тарапка «Кайтпас» өтүүчү постторун ачып, ал жерден жөө адамдарга, жеңил унаага, 20 жүргүнчү бата турган кичи автобустарга уруксат берди. Жүк ташуучу унаа өтпөйт. Ал жерде «сууну берип койду, жолду берип койду, коридор берип койду» деген чагымга эч кандай негиз жок. Болгону баары жөнөкөлөйлөтүлдү. «Коридор» деген сөздү сиздерге көп айтышты. Азыркы бийликти атайын жаман көрсөтүү үчүн маалымат жөнөткөндөргө ишенбегиле. Мен кантип эле делегациянын башында туруп бирөөгө жер берип калайын», — деди ал.

Ошондой эле, Ташиев «Бүргөндүдөн өзбек тарапка газ кетип жатат» деген маалыматка жооп берди. Анын айтымында, атайын комиссия жөнөтүлгөн, бирок текшерилгенден кийин эч нерсе жок экени аныкталды. «Өзбекстан нефть алып чыгып кетип жатат» деген маалымат да текшерилип, майнап чыккан жок. Ошондуктан Ташиев элди чагымчылдыкка алдырбоону суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM