Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри 114 өлкөнүн онлайн-кеңешмесине катышты

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 930 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «COVID менен өткөн бир жыл: Бүгүнкү муундун апааттан качуусу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет» аталышындагы онлайн-кеңешмеге катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, дүйнө жүзүнөн 114 өлкөнүн Билим берүү министри катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулду.

Аталган кеңешменин максаты билимдерге, фактыларга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн прецендентсиз кырдаал шарттарындагы натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган тажрыйба алмашуу болду.

«Мектептердин ишин жандандыруу, приоритеттерди аныктоо жана мугалимдерди колдоо» темасында сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Бейшеналиев өлкөдө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7 миңден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама эки мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүлгөнүн айтып берди.

Бейшеналиев Кыргыз Өкмөтү бүткүл өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тартканын, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM