Биз менен байланышыңыз

Бишкектин борборундагы жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 846 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы жалпы баасы 95 млн 361 миң сомду түзгөн имаратты жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын биринчи кабаты, жер төлөсүндөгү 353,8 чарчы метр аянт, 1650 чарчы метр жер тилкеси соттун чечими менен мамлекеттин эсебине алынды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Президенттин 1995-жылдын 16-февралында чыккан жарлыгын бузуп, Өкмөттүн буйругуна таянуу менен аталган жайдын 2,1 гектар жер тилкесин жеке жаранга берүү чечимин чыгарган.

Текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде Биринчи май райондук прокуратурасы аталган ишке байланыштуу документтерди мыйзамсыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз берген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын арызы толук канааттандырылган.

2021-жылдын 15-мартында райондук прокуратура тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна прокурордук талап келтирилип, аталган фонддун 23-марттагы буйругу менен жогоруда аталган мүлк мамлекеттин менчигине алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM