Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 1-апрелден тарта башталгыч класстардын жана 5, 9, 11-класстардын окуучулары мектепке барат

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 819 | 0

1-апрелден баштап Бишкекте 6-7-8 жана 10-класстын окуучулары онлайн режимде билим алууну улантат. Бул тууралуу шаардык мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева брифинг учурунда билдирди.

Ал 9-марттан бери офлайн режимде бир класстын жети параллелдүү класстары окуп баштаганын эске салды.

«Ушул мезгилде коронавирус илдети 13 окуучу, 14 мугалимден аныкталды. Кийинки эки жума бизге эпидемиялык кырдаалдын өнүгүшүн көрсөтөт жана мындан аркы чечимдер кабыл алынат», — деп белгиледи Иманалиева.

Вице-мэр Айжан Чыныбаева борбордогу эпидемиялык кырдаал начарлап жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM