Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Соода борборлорундагы балдар аянтчалары жабылат

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1021 | 0

Эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаарынын соода борборлорундагы балдар аянтчалары убактылуу жабылат. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган жайлар ишин эки жумага токтотот.

Чыныбаева ошондой эле коомдук транспорттордо да рейд жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“Шаардык транспорт тутуму ашыкча жүктөлгөн. Ар кимди беткап кийүүгө милдеттендиребиз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды эпидемиядан сактап калуунун бирден-бир жолу — ушул», — деп кошумчалады ал.

Copyright © 2017 Maral FM