Биз менен байланышыңыз

29-мартта 100 адам вакцина алды

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1151 | 0

Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи күнүндө 100 адам вакцина алды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM