Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда тигүүчү цех ачылып, аялдарга жумуш орун түзүлдү

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 770 | 0

Жалал-Абад облусунун Тенги айылында «Седеп» тигүү цехинин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы цехти жергиликтүү ишкер Пардакан Томуева USAIDдин «Атаандаш ишкана» долбоорунун колдоосу менен ачкан.

USAIDдин «Атандааш ишкана» долбоору – бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн беш жылдык демилге. Ал Кыргызстанда көбүрөөк жумуш орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнеске өндүрүшүн жана соода көлөмүн кеңейтүүгө жардам берет. Долбоор башталгандан бери USAID айыл чарба, текстиль, маалымат технологиялары, билим берүү, тамак-аш өндүрүү, каржы жаатындагы 70 ишканага колдоо көрсөттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM