Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Өнүккөн өлкөлөр бааны акциз салыгы аркылуу тескейт

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 835 | 0

Өнүккөн өлкөлөр бааны акциз салыгы аркылуу тескейт. Бул тууралуу Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кошумча нарк салыгы (КНС) — мамлекетти түптөөчү салык. Аны бардык ишкана төлөшү керек.

Бааларды көзөмөлдөө үчүн башка өлкөлөрдө соода саясатында квоталар бар.

Кыргызстанда көмүскө экономика чоң масштабда болгондуктан, кафе-ресторандардан адам үзүлбөйт. Тактап айтканда, Кыргызстанда көмүскө иш алып баруу — ыңгайлуу.

«Өлкөдө кыйыр салыкты жөнөкөйлөтүп, аны чогултканды билишибиз керек. Мүлкүн, көмүскөдө жүргөн бизнесин коргоо үчүн саясатка баруу туура эмес. Эгерде сот, салык системасы адилеттүү болсо, саясатка эч ким деле бармак эмес. Ар бир келген бийлик бай адамдарды кулакка тарткандай болуп жатат. Бул туура эмес», — дейт Итибаев.

Ал учурда аэропоттордун жана эркин экономикалык аймактардын өнүгүү стратегиясы боюнча өтүнүч каттарды даярдап жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM