Биз менен байланышыңыз

Айрым эл аралык аба каттамдар ишин убактылуу токтотту

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 723 | 0

Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу айрым эл аралык каттамдар 29-марттан тарта токтотулду. Бул тууралуу Эл аралык «Манас» аэропортунан кабарлашты.

«Avia Traffic» авиакомпаниясынын төмөнкү каттамдары жокко чыгарылды:

Бишкек — ​​Воронеж — Бишкек — ​​3-апрелден 25-апрелге чейин;

Бишкек — ​​Грозный — Бишкек — ​​30-марттан 6-апрелге чейин;

Бишкек — ​​Иркутск — Бишкек — ​​1-апрелден 29-апрелге чейин;

Бишкек — ​​Казань — Бишкек — ​​5-апрель;

Бишкек — ​​Краснодар — Бишкек — ​​2-май;

Бишкек — ​​Красноярск — Бишкек — ​​30-март;

Бишкек — ​​Новосибирск — Бишкек — ​​31-март, 2-апрель;

Бишкек — ​​Сургут — Бишкек — ​​3-апрель.

«АК China Southern Airlines» авиакомпаниясы Үрүмчү — Бишкек — ​​Үрүмчү багытындагы үзгүлтүксүз каттамдарын кийинки билдирүүгө чейин жокко чыгарды.

«Air Astana» авиакомпаниясы 29-марттан 29-апрелге чейин Алматы — Бишкек — ​​Алматы багыты боюнча дүйшөмбү жана бейшембидеги туруктуу каттамдарынын учуу күндөрүн алмаштырды:

31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби күндөрү;

30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү уча турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM