Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2021: Акылга сыйбаган убадалар, аргасыз жылмайткан ураандар

Коом , Саясат | 30 Мар 2021 | 1549 | 0

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери, мандат үчүн күрөш кызуу жүрүп жаткан чак. Көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактардан түркүн-түстүү убадаларды, ураан-чакырыктарды кезиктирүүгө болот. Серепчилер акылга сыйбай турган куру убадалар элдин кыжырын кайнатып жатканын айтышууда.

20 жылдан кийин Бишкекте Дүйнөлүк олимпиада оюндарын өткөрүү; күн сайын пенсионерлерге бекер бөлкө нан таратуу; көп кабаттуу үйлөргө жаңы лифт орнотуп, чатырларына күнөсканаларды куруу… Бул ишке ашышы кыйын, бирок кулакка жагымдуу угулган убадалар Бишкек шаардык кеңешине аттангандарга таандык.

Шайлоо процессине жана партиялардын берген убадаларына, алардын аткарылышына байкоо салган «politmer.kg» сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева азыркы чакырылыштагы партиялардын биринин да убадасы аткарылбаганын айтат. Алар лифттерди жаңыртуу, коомдук транспортту бекер кылуу, жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу убадаларды берген. Берген убадаларын, айтылган ири долбоорлорду ишке ашыра албай калганына карабастан, тароо алдында турган чакырылыштын депутаттары кайра эле кийинки чакырылышка аттанды.

«Мурунку 5 партиянын ичинен 2 партия кайра жергиликтүү кеңешке катышып жатат. «Азыркы депутат болуп олтургандардын 2 партиясы гана шайлоого катышты» делген менен берки депутаттар да башка партиялардын курамы менен шайлоого аттанды. Мисалы, бүгүнкү күндө 45 депутат болсо, анын 32си ар кайсы партиянын курамында келе жатат». 

Жогоруда сөз болгон убадаларды реалдуулуктан алыс, ишке ашыруу оор делингени менен шаардык кеңештин колундагы мүмкүнчүлүк да оңой эмес. Мэрия жана тиешелүү мекемелер менен иштешип, аткарууга болот. Бирок ал сөздөр шайлоо алдында гана байма-бай айтылып, кийин көз жаздымда калып кетерин саясат талдоочу Эмил Жороев да танбайт.

«Биз буга чейин иштеп келгендерди карап, аларга баа бере турган болсок, шаардык кеңештин канчалык деңгээлде иштегенин айтуу кыйын. Алардын ишине канааттангандар менимче, аз эле болсо керек. Көпчүлүгү шайлоо алдында гана активдүү иштеп, элге кызыктуу убадаларды берип, өтүп алгандан кийин унчукпай калышат».  

Жарышка аттанып жаткан бардык партиялар олчойгон убадаларды берип, баш калааны өзгөчө шаарга айлантып жашоо үчүн ыңгайлуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөбүз деп төш кагышууда. Мына ушул талапкерлердин буга чейинки жана алдыдагы шайлоо үчүн айтып жаткан убадалары боюнча биз шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, айрымдары аларды шылдыңга алса, айрымдары баары эле куру убада берип жатканын айтышты.

Шаардык кеңештин эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо да партиялардын программасына, анын реалдуулугуна, ишке ашуусу канчалык экенине карагандар аз экенин серепчилер да айтып келишет. «Politmer.kg» сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева сынчыл ой жүгүртүп, талдоону үйрөнүү учурдун талабы экенин эскертти.

«Шайлоочулардын критикалык ой жүгүртүүсү болуп, буга чейинки талапкерлерге, азыркы депутаттарга эл өзү суроо бериши керек эле да. «Буга чейин депутат болуп олтуруп келдиңер, кайра эле ошол убадаларды берип жатасыңар», — деп, биз убадалардын аткарылышын талап кылышыбыз керек да. Шайлоочулардын аң-сезими өсүп, андан кийин анан ошол депутаттардын убадаларынын аткарылышын, буга чейинки кызматтын карап тандоо кылсак, чоң өзгөрүү болот эле». 

Бишкек шаардык кеңеши да, Ош шаардык кеңеши да 45 мандаттан турат. Шайлоодон утуп чыккан партиялар төрт жыл иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM