Биз менен байланышыңыз

Суэц каналы: «Ever Given» кемеси кептелип калган жеринен чыгарылды

Дүйнө | 29 Мар 2021 | 1668 | 0

«Ever Given» контейнер кемеси Суэц каналындагы кептелип калган жеринен чыгарылды.

Суэц каналын жаап калган «Ever Given» контейнер ташуучу кемеси 29-март күнү эртең менен каналдын кептелген жеринен чыгарылды. Бул тууралуу «Inchcape Shipping» транспорттук компаниясы Твиттер баракчасына жазды. Ал эми дүйнөнүн негизги транспорттук артериясы болгон каналда трафик качан жанданары азырынча айтыла элек.

Эскерте кетсек, дүйнөдөгү эң ири контейнер ташуучу «Ever Given» кемеси 23-мартта Суец каналын жаап, эки тараптуу трафик токтоп калган. Ушундан улам 300гө жакын кеме тыгынга кабылып, өтө албай турган.

«Lloyd’s Listтин» баамында, Суэц каналы аркылуу «Ever Given» контейнер ташуучу компаниясынын токтоп турушу дүйнөлүк соода-сатыкка саатына 400 миллион доллар чыгым алып келүүдө.

Кеме Суэц каналында калып, кыймылын токтоткондон кийин нефтинин баасы көтөрүлүп кеткен.

400 метрлик кеменин Суец каналын тосуп калышы дүйнөлүк соодага таасир этти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM