Биз менен байланышыңыз

Республикалык айтышта баш байгени төкмө акын Идрис Айитбаев алды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 3685 | 0

Кечээ, 28-мартта Бишкекте «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына, Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык айтыш болуп өттү.

Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн айтыштын финалына төрт төкмө чыкты. Финалда акындар Идрис Айитбаев менен Баян Акматов, Акматбек Султан уулу менен Тынчтык Эсенбай уулу айтышты.

Баш байге Идрис Айитбаевге (200 000 сом);
Биринчи орун Баян Акматовго (150 000 сом);
Экинчи орун Акмат Султан уулуна (100 000 сом);
Үчүнчү орун Тынчтык Эсенбай уулуна (50 000 сом) ыйгарылды.

Баш байгени алган акын Идрис Айитбаев сыйлыгынын 80%ын кайрымдуулукка жумшай турганын жарыялады.

Айтыштын демөөрчүсү жеке ишкер Мирбек Райымов болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM