Биз менен байланышыңыз

Бүгүн мамлекеттик кызматкерлер ишембиликке чыгышты [фото]

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 923 | 0

Бүгүн, 27-мартта мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башкармалыктардын башчылары Башкы прокуратуранын аймагында өткөн ишембиликке катышты. Алар Алиаскар Токтоналиев көчөсүнүн боюна кайың жана карагай көчөттөрүн отургузушту. Ошондой эле, Башкы прокуратуранын аймагын тазалашты.

Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери «Кыргызстан жана Орусия элдеринин достугу» аянтын таштандылардан тазалашса, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери министрликтин аймагын тазалашты.

Жалпы шаардык ишембиликке Мамлекеттик каттоо кызматынын жана ага караштуу түзүмдөрдүн 160 кызматкери катышты. Бөлүнгөн аймакта газон аянттарын жакшыртуу жана сугат тутумун таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM