Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун өлкөгө тийгизген таасирин баяндаган китеп жарык көрдү

Ден соолук , Коом , Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 12563 | 0

Бүгүн, 26-мартта Бишкекте «COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» электрондук китебинин бет ачары болуп өттү. Кыргызстандагы коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат булагында пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндө 150дөй маек бар. Китептин авторлору: журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова. Бет ачарга пандемия учурунда кызмат кылган дарыгерлер, ыктыярчылар, ошондой эле Жогорку Кеңештин депуттары, коомдук ишмерлер катышып, өздөрүнүн пикирин билдиришти. 

«COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» китеби 10 айда жазылган. Анда «кызыл зонада» иштеген адамдардын, оорудан сакайып чыккандардын, каза болгондордун жакындарынын маектерин таап, угуп же окуса болот. Долбоордун максаты – элге жарандык коомдун пандемия учурунда топтогон тажрыйбасы тууралуу так маалымат жеткирүү. Китеп COVID-19дан каза тапкан жарандардын жаркын элеси үчүн да жазылганын эмгектин автору, журналист Бактыгүл Чыныбаева айтып берди.

«Covidstories.kg» сайтына кирсеңиздер, 16га чукул бөлүм бар. Пандемиянын коомдун бардык тармагына тийгизген таасирин ошол бөлүктөргө бөлүп киргиздик. Бул жерде мигранттардын үнү бар, ыктыярчылардын, меценаттардын, карапайым дарыгерлерибиздин, айыгып чыккан, туугандарынан айрылган адамдардын үндөрү бар. Ошондуктан бул окуялар, бул эскерүүлөр элдин эс тутуму үчүн өтө маанилүү деп эсептейм», — деди Чыныбаева.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул элге, өлкөгө өтө керектүү, тарыхта кала турган китеп деп эсептейт. Анын айтымында, коронавирус илдети бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мүчүлүштүктөрдү гана эмес, өлкөдөгү көп көйгөйдү даана көрсөттү. Ошол эле учурда азыркы бийликтин өкүлдөрү өткөндөн сабак алып, өзгөртө турган маселелерди карап чыгып, алдыга карай умтулушу керектигин белгиледи.

«Бул — абдан чоң эстелик жана керектүү китеп. Бул китептен сабак чыгарышыбыз керек. Азыр чечим кабыл алуучу деңгээлде отурган адамдар өткөн нерселерден сабак чыгарышы керек. Мисалы, эмне үчүн ыкчам аракеттер көрүлгөн жок? Эгер көрүлбөсө, андан кийин эмнени өзгөртүү керек? Мыйзамда кандай мүчүлүштүктөр бар? Ушул сыяктуу нерселер баарыбыздын астыбызда турат», — деди Өмүрбекова.

Пандемиядан эл сабак алышы керек, бирок биздин абал башкача болгондуктан, баарын унута башташты. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Ал башка өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү киргизип, вакциналарды сатып алып жатышса, Кыргызстандын бийлиги башка маселелер менен: саясат, Конституция, бийликти бөлүштүрүү менен алектенип жатканын сындады.

«Азыр биз вакцинага даяр эмеспиз, вакцина бизде жокко эсе. Европа өлкөлөрү кайсы мамлекеттен алары боюнча бири-бири менен атаандаш болууда. А бизде болсо же каражатыбыз жок, же жардам бере турган эч ким жок. Карантинге да даяр эмеспиз. 700 миңден ашуун жаран жакырчылыкта жашайт. Бизде үстүбүздөгү жыл саясий жыл болуп жатат. Жакында референдум, андай кийин шайлоо, шайлоодон кийин кайра өзгөрүүлөр болот Өкмөттө. Качан реалдуу маселелер каралып баштайт, мен билбейм!» — деди Бекешев.

«COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» аттуу китепте коронавирус пандемиясы учурунда өз башынан өткөргөндөрдү айтып бергендердин тажрыйбалары, баяндары топтолгон. Электрондук китепти Covidstories.kg сайтынан угуп, окуса болот. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү ар бир жаран өз окуясын жазып калтыра алат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM