Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 269 | 0

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, облустук борборлордо өтүп жатат. Ага экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1988 окуучу катышууда.

Тапшырмаларды министрликтин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтө турган жерлерге атайын окутуудан өткөн лидерлер жана администраторлор барышкан.

2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү мөөнөтү эпидемиялык кырдаалга байланыштуу жылдырылган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM