Бишкектин «Дордой» конушунда бала бакчанын курулушуна конкурс жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Тендер мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу ишке ашат.
Бала бакча 140 балага ылайыкталган. Долбоорлук-сметалык документациясы толук аяктаган. Анда оюн бөлмөсү, ашкана, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуучу жана медициналык бөлмө, музыкалык-гимнастикалык зал болот.
Жаңы бала бакчанын алгачкы сметалык баасы 48 млн 398 миң 113 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.