Биз менен байланышыңыз

27-мартка чейинки аба ырайы

Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 991 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-марттан 27-мартка чейин өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөт. Кээ бир аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн.

  • Чүй, Талас облустарында 

23-мартта күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн күн ачык болот.

25-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

26-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаашы мүмкүн.

26-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан жаашы мүмкүн.

27-мартта Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Бишкек шаарында

23-мартта жаан жаабайт.

24-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

24-мартта күндүз, 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

23-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

25-мартта күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

26-27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кээ бир райондордо жаан жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Ысык-Көл облусунда

23-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, талаа-түздө күн ачык болот.

24-25-мартта жаан жаабайт.

26-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

  • Нарын облусунда 

23-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта жаан-чачын болбойт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM